Япон окумуштуулары рамёнду көп колдонуу эрте өлүмгө алып келерин билдиришти
Японияда жүргүзүлгөн жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча рамёнду көп колдонуу кээ бир адамдарды өлүм коркунучуна алып келет деп жазат The Independent.
Journal of Nutrition, Health and Aging журналында жарыяланган изилдөөлөр 6500 адамдын натыйжасынан чыгарылган. Окумуштуулар катышуучуларды рамёнду колдонуу жыштыгына жараша төрт топко бөлүшкөн. Аларды болжол менен 4,5 жыл көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзүшкөн. Изилдөө көрсөткөндөй, рамёнду жумасына бир же эки жолу жегендерде өлүм коркунучу эң төмөн. Аны жумасына үч же андан көп жолу жегендердин өлүм коркунучу жогору болгон.
Окумуштуулар изилдөө байкоочу гана болгонун жана рамёндун эрте өлүмгө түздөн-түз себепкер экенин далилдей албасын эскертишет.
"Кесме менен шорпонун курамында туз көп болгондуктан, аларды тез-тез колдонуу натрийдин жогорку деңгээлине алып келиши мүмкүн. Бул инсульт жана ашказан рагы сыяктуу туз менен байланышкан оорулардын коркунучун жогорулатат",- деп айтылат макалада.

