super.kg logo

Колумбия президенти: "Геноцидге жооптуулардын эркин жүрүшү – кабыл алынгыс"

 

Колумбия президенти Густаво Петро БУУнун сессиясында сүйлөп жатып, Газа секторундагы геноцидди токтотууга дипломатия жетишсиз болуп калганын билдирди. Ал Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана геноцидге жооптуу адамдардын АКШ менен Европада эркин жүрүшүн "кабыл алынгыс" деп атады.

Петро АКШ Газа боюнча ок атышууну токтотуу тууралуу БУУдагы чечим долбооруна каршы добуш берип, анын кабыл алынышына жол бербегенин эске салды. Ал ар бир ушундай "каршы добуш" көбүрөөк балдардын өлүмүнө алып келерин айтты. Ошондой эле ал АКШ президенти Дональд Трамптын Кариб жана Газадагы саясаттарын кескин сынга алып, миграция жана климаттык кризис маселелери "шылтоо" катары колдонулуп жатканын белгиледи.

Петронун айтымында, Латын Америкасы таза энергия ресурстары жана Амазонка токойлору аркылуу дүйнөнү коргоодо лидер боло алат. Ал капитализмди климат кризисинин башкы себеби деп атап, "аңдоо – капитализмби же жашообу?" деген суроону ортого койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: