super.kg logo

Чек арасыз санариптик төлөмдөр: БАПБ жана Alipay+ өз ара QR-төлөмдөрдү кабыл алууну баштоону пландап жатышат

 

“Банктар аралык Процессинг Борбору” жабык акционердик коому, “Элкарт улуттук төлөм системасы жана Alipay+ компаниясы Кытайдын Шанхай шаарында өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул келишим Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында - санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүү, трансчек аралык эсептешүүлөрдү жеңилдетүү жана эл аралык кызматташтыкты тереңдетүү максатында түзүлдү.

Тараптар QR-код аркылуу өз ара төлөм кабыл алууну камсыздай турган ири долбоорду ишке киргизүүгө даяр экенин ырасташты. Бул документ Кыргызстан менен Кытай, ошондой эле Alipay+ иштеген башка өлкөлөр ортосунда санариптик көпүрөнү ачат. Азыркы учурда чет элдик туристтер үчүн Кыргызстанда QR-код менен төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Жаңы долбоор бул чектөөлөрдү жоюп, ELQR түйүнү жана Alipay+ менен өнөктөш мобилдик тиркемелер аркылуу товарларды сатып алып, кызматтарга төлөм жүргүзүүнү жеңилдетет.

Документ төлөм жана эквайринг системаларынын инфраструктурасын өнүктүрүүнү, трансчек аралык өз ара QR-төлөмдөрдү ELQR жана Alipay+ тиркемелери аркылуу ишке киргизүүнү ишке ашырат. Бул ишкерлерге жана колдонуучуларга коопсуз жана ыңгайлуу эсептешүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Мындан тышкары, тараптар биргелешкен долбоорлорду жана пилоттук демилгелерди ишке ашырууну пландап жатышат. Өзгөчө көңүл ишенимдүүлүкө, талаптарды сактоо жана маалыматтарды коргоо бурулат.

“Бул макулдашуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда санариптик көпүрө түзүп, өлкөбүздү эл аралык финансылык экосистема менен тыгыз байланышканга өбөлгө түзөт. Бул долбоор заманбап төлөм кызматтарын өнүктүрүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул кадам туристтер жана коноктор үчүн Alipay+ тиркемелери аркылуу товар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүнүн ыңгайлуулугу дегенди билдирет. Ал эми жергиликтүү ишкерлер үчүн - Alipay+’тын миллиондук аудиториясына жетүү жана жаңы кардар агымын тартуу. Кыргыз жарандары болсо Кытайда гана эмес, Alipay+ иштеген башка өлкөлөрдө да төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, - деп белгиледи “Банктар аралык Процессинг Борбору” башкармалыгынын төрагасы Алтымыш Туратбеков.

Alipay+ компаниясы өз кезегинде долбоор Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, трансчек аралык төлөмдөрдү өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүк ачарын баса белгиледи. Бул Alipay+ эл аралык экосистемасы менен Кыргызстандын ELQR улуттук төлөм системасынын өз ара интеграциясынын маанилүү кадамы.

Меморандумга кол коюу аземине “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАКтын төрагасы Алтымыш Туратбеков, Alipay+ компаниясынын эл аралык мамлекеттик саясат жана мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча директору Иньфан Чжан катышты. Келишим Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кытайдагы Кыргызстандын соода өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашып, алар конструктивдүү диалог үчүн платформаны түзүүдө маанилүү ролду ойношту.

Маалымат үчүн:

Alipay+ - бул кытайлык Ant International компаниясы тарабынан иштелип чыккан эл аралык санариптик төлөм платформасы. Ал дүйнө жүзүндөгү алдыңкы электрондук капчыктарды жана төлөм тиркемелерин бириктирип, колдонуучуларга чет өлкөдө да өзүлөрүнө көнүмүш колдонмолору аркылуу төлөм жүргүзүүгө, ал эми бизнеске — миллиондогон кардарлардан төлөм кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Alipay+ бүгүнкү күндө 57 өлкө жана аймакта иштеп, миллиондогон сатуучулар жана көптөгөн төлөм өнөктөштөрү менен кызматташат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: