Макрон: "Трамп "Нобель" сыйлыгын алуу үчүн Газадагы кырдаалды чечиши керек"
Эгер АКШнын президенти Дональд Трамп "Нобель" тынчтык сыйлыгын алгысы келсе, анда ал Газа секторундагы согушту токтотууга аракет кылышы керек. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон билдиргенин Reuters агенттиги жазды.
"Бул маселе боюнча чындап бир нерсе кыла турган жалгыз адам - бул АКШнын президенти",- деди Макрон.
Анын айтымында, Израилге курал-жарак жеткирүүнүн негизги булагы АКШ болгондуктан Вашингтондун согушту токтотууга мүмкүнчүлүгү бар.
Ал эми Дональд Трамп өзүнүн билдирүүсүндө, Газа секторундагы согуш токтотулушу керектигин белгилеген. Бирок 18-сентябрда АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинде Газа секторунда ок атышууну токтотууга, барымтадагы адамдарды бошотууга жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө жол ачууга чакырган резолюциянын кабыл алынышына каршы чыккан. Документти кабыл алууга каршы добушту АКШ гана берген.
Калган 14 мүчө, анын ичинде туруктуу мүчөлөр, тагыраагы, Орусия, Кытай, Франция жана Улуу Британия резолюцияны колдошкон.

