super.kg logo

Италиялык атактуу актриса Клаудия Кардинале дүйнөдөн кайтты

 

Италиялык атактуу актриса Клаудия Кардинале 87 жашында Парижге жакын жайгашкан Немур шаарында, балдарынын курчоосунда көз жумду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматтарга ылайык, анын өлүмүнүн так себеби айтылган жок. Аны менен коштошуу аземинин убактысы жана жери да азырынча белгиленген эмес.

Клаудия Кардинале 1938-жылдын 15-апрелинде Тунисте сицилиялык үй-бүлөдө төрөлгөн. 1958-жылы Марио Моничеллининин "Кадимки тааныштар" тасмасында эпизоддук ролу менен дебют кылган. Актриса 150дөн ашык тасмада ойногон жана Федерико Феллини менен Лукино Висконти сыяктуу атактуу режиссёрлордун музасы болгон. Ал "Рокко жана анын бир туугандары", "Бир жолу Жапайы Батышта", "Сегиз жарым", "Кызыл чатыр", "Римдик жолугушуулар" жана башка тасмалардагы ролу менен атактуулукка жеткен.

Кардинале Брижит Бардо, Ален Делон, Марлон Брандо сыяктуу атактуу артисттер менен иштешкен. Ал 1993-жылы Венецияда "Алтын арстан", 2002-жылы Берлинде "Алтын аюу" сыйлыктарына татыган. Италиянын маданият министри Алессандро Жули аны "эң улуу италиялык актрисаларынын бири" деп баалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: