super.kg logo

Казакстанда өтө турган "Кайрат" жана "Реал Мадриддин" беттешине билеттер калбай калды

 

Кечээ, 23-сентябрда Казакстандын "Кайрат" командасы менен Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун ортосунда боло турган УЕФА Чемпиондор Лигасынын тайпалык этабынын экинчи турунун билеттерине 155 миңден ашуун күйөрман онлайн арыз берип, сатып алууга аракет кылды.

Бул беттеш 30-сентябрда Алматыдагы борбордук стадиондо өтөт. Стадиондун сыйымдуулугу 23 804 орунду түзөт. Ошондуктан билеттерге болгон чоң суроо-талап сайттын бир нече жолу иштен чыгып калышына себеп болгон. Сатуу башталгандан 90 мүнөт өткөндө эле клубдун расмий сайты үзгүлтүккө учураган. Билеттер дароо эле сатылып кеткен.

Эң арзан билет 30 000 теңге болсо, эң кымбат билет 250 000 теңгеге сатылган.

Эске салсак, Казакстандын "Кайрат" клубу УЕФА Чемпиондор Лигасынын 2025/2026-жылкы сезондогу плей-офф баскычында Шотландиянын атактуу "Селтик" командасын утуп, бул турнирдин негизги этабына тарыхта биринчи жолу жолдомо алган.

"Кайрат" клубу "Селтикти" жеңүү менен УЕФАнын байге фондунан кеминде 18 миллион 620 миң евро же 11,7 миллиард теңге каражат утуп алган. Мындан тышкары, негизги этаптагы ар бир утуш үчүн 2,1 миллион евро, тең чыгуу үчүн 750 миң евро кошумча сыйлык берилет.

Эми быйыл күзүндө башталып, 2026-жылдын кыш мезгилине чейин созула турган негизги этапта Казакстандын "Кайраты" Европанын эң күчтүү клубдары менен сегиз жолу оюн талаасына чыгат. Казакстан испаниялык "Реал Мадрид", бельгиялык "Брюгге", грециялык "Олимпиакос" жана кипрдик "Пафос" клубдары менен беттешти Алматыда өткөрсө, италиялык "Интер", англиялык "Арсенал", португалиялык "Спортинг" жана Даниянын "Копенгаген" клубдары менен боло турган беттештерин башка өлкөдө өткөрөт.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: