Бурятияда дарыгерлер эки аялдын анализинин жыйынтыгын алмаштырып, оорубаган бөйрөктү алып салышты
Бурятияда аялдын оорубаган бөйрөгүн жаңылыштык менен алып салган дарыгерлер дисциплинардык жазага тартылып, жабырлануучудан кечирим сурашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бул окуя боюнча "денеге оор залал келтирүү" боюнча кылмыш иши козголгон.
"Иликтөөнүн жүрүшүндө айрым мыйзам бузуулар, анын ичинде бейтаптарды идентификациялоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталды. Белгиленген мыйзам бузууларды четтетүү боюнча медициналык уюмдун башкы дарыгерине буйрук чыгарылды. Медициналык уюм келечектеги мыйзам бузууларды болтурбоо үчүн комплекстүү иш-чараларды өткөрдү. Мыйзам бузууларга жол берген медицина кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды",- деп айтылат маалыматта.
Жабырлануучу дарыгерлердин көзөмөлүндө экени жана эч кандай атайын дарылоону талап кылбай турганы белниленет.

