super.kg logo

Мурунку депутат ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кармалды

 

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча "Береке курулуш компаниясы" ЖЧКсынын директору, "Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.У. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Тактап айтканда, 2019-жылдын 4-апрелинде депутат менен А.А. аттуу жарандын ортосунда көп кабаттуу турак үй куруу жөнүндө үлүштүк катышуу келишими түзүлгөн. Келишимдин алкагында аталган жаран эл өкүлүнө Ош шаарынын аймагынан 45 сотук жер тилкесин берген. Келишимдин шарттарына ылайык, курулуш компаниясы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдын жалпы аянтынын 2750 чарчы метрин курулуш иштери аяктагандан кийин А.А.га өткөрүп берүүгө милдеттендирилген. Бирок депутат өзүнүн таасирин пайдаланып, келишимдик милдеттенмелерин аткарбай, жер тилкесин өзүнүн атына мыйзамсыз каттатып алган.

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, С.У.га Кылмыш-жаза кодексинин 4-бөлүгүнүн, 1-пункту (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча айып тагылып, камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: