Көзөмөл-өткөрмө пунктундагы коррупцияга шектелип бир нече кызматкер кармалды (фото)











Бүгүн, 24-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кеңешменин жүрүшүндө УКМК төрагасы айрым жетекчилер тарабынан кызматкерлердин функционалдык милдеттерин аткарууда көзөмөлдүн начардыгы, өз ишмердүүлүгүндө коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган түшүндүрүү, алдын алуу жана талдоо иштеринин жоктугу, ошондой эле иштин аялуу жерлерине кадр дайындоо маселеси начар болуп жатканын белгиледи.
Ташиев бүгүнкү кеңешменин темасы Чүй облусундагы "Чалдовар-Автодорожный" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал экенин айтты.
Анда “Чалдовар-Автодорожный " көзөмөл өткөрүү пунктунун иш зонасында Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Транспорт министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин кызмат адамдары өзүнчө "ортомчулар" менен сүйлөшүп, жалган товарларды-коштоочу документтерди колдонуу менен ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо (контрабанда) боюнча коррупциялык схеманы түзүшкөндүгү аныкталган.
Ошондой эле Ж.Н.Т.,Ш.у.К. аттуу жарандар (Чалдовар айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты), Т.К.Э. жана Өзбекстандын жараны Т.Э.Н. ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоону жүзөгө ашыруу максатында "Жорго ТД" ЖЧКсын жана "Радиант" ЖЧКсын катташып, аталган мамлекеттик органдардын кызматкерлерине интернет капчыгын толуктоо аркылуу жана өлкөгө товарларды контрабандалык жол менен алып келүүнү жашыруу үчүн накталай формада дайыма пара түрүндө акча каражаттарын берип турушкан.
18-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.Ж. жана Э.Т. аттуу жарандардан товарларды мыйзамсыз алып өтүүдөгү орун алган коррупциялык схема, анын ичинде кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө акча каражаттарын алуу фактылары боюнча далилдер алынып, жыйынтыгында Салык кызматынын 7 кызматкери, Чек ара кызматынын 6 кызматкери, Айыл чарба министрлигинин Фитосанитардык кызматынын 7 кызматкери жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын 4 кызматкери жыйын учурунда кармалды.
Аталган коррупциялык схемада ортомчулар "ТД Жорго" жана "Радиант" фирмалары аркылуу жасалма маалыматтар менен жасалма документтердин негизинде жүк ташып келүү үчүн оор жүк ташуучу бир транспорт бирдигине 1500дөн 2000 АКШ долларына чейин акча алышкан.
Мында мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ортосундагы мыйзамсыз сый акынын өлчөмү 5000 сомдон 7000 сомго чейин жеткен. Алынган маалыматтар боюнча "Чалдовар Автодорожный" өткөрмө пунктунан мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан күн сайын 80 миң сом чогултулган. Аталган коррупциялык схеманын аракеттери менен республиканын бюджетине миллиондогон зыян келтирилген.
Ошондой эле УКМКнын төрагасы Чүй облусунун аймагындагы "Ак-Жол Автодорожный" жана "Ак-Тилек Автодорожный" сыяктуу башка көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишмердүүлүк зонасында коррупциялык фактылар бар экендиги тууралуу да ушул сыяктуу маалыматтар түшүп жатканын билдирди.
Буга байланыштуу Ташиев бардык күнөөлүү адамдарды иштен бошотууну, алардын мүлкүн камакка алууну, бул коррупциялык схемага тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнү, анын жыйынтыгы боюнча аларды камакка алууну, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата ээлеген кызматын кароо жөнүндө сунуштарды берүүнү тапшырды.
