super.kg logo

Баткенде күрүчтүн түшүмү жыйналууда (фото)

 

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айылында күрүчтүн түшүмү жыйналууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Аймакта дыйкандар күз мезгилинин бир күнүн текке кетирбей, түшүм жыйноо менен алек. Алар быйыл түшүм мол экенин, гектарына 37 центнерге чейин жеткенин айтышууда. Акыркы учурда дыйкандар кооперативдерге биригип, мол түшүм алууну жолго коюшууда",- деп айтылат билдирүүдө.

Райондо ар түрдүү багытта жалпы 76 кооператив иштейт. Кадамжай районунда 3220 гектар күрүч талаасы бар. Жылына андан 12 200 тоннадай күрүч жыйналат. Күрүч өлкөнүн ички базарларында, Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Америкага чейин экспорттолууда.

Күрүч Кадамжай районунан сырткары Лейлек районунда 338 гектарга, Баткен районунда 325 гектарга себилгени айтылып, быйыл облуста жалпы 15 миң тоннага чейин күрүч жыйноо күтүлүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: