Эми "Менин шаарым" тиркемесинен эвакуацияланган унаа боюнча маалымат алса болот



"Менин шаарым" мобилдик тиркемесине жаңы функция кошулду. Эми колдонуучулар туура эмес жерге токтотулуп, эвакуацияланган унаалар тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде көрө алышат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Жаңы мүмкүнчүлүктүн артыкчылыктары:
- автоунаанын жайгашкан жерин тез аныктоо;
- атайын токтотмо жайдын дарегин картадан көрүү;
- эвакуация кызматтарынын байланыш маалыматтарын алуу.
Кантип иштейт?
Колдонуучу "Эвакуация" бөлүмүнө кирип, унаасынын мамлекеттик номерин терет. Эгерде унаа эвакуацияланган болсо, тиркеме анын учурдагы жайгашкан жерин жана токтотулган атайын аянттын дарегин картадан көрсөтөт.
Жаңы функция iOS жана Android үчүн тиркеменин акыркы версиясында жеткиликтүү. Жаңы мүмкүнчүлүктү колдонуу үчүн "Менин шаарым" тиркемесинин жаңыртылган версиясын жүктөп алуу сунушталат.
Бул функция шаардык кызматтардын ишинин ачык-айкындыгын камсыздоого жана жарандар менен муниципалдык органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган.
Айта кетсек, кечээ, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Дастан Бекешев эвакуацияланган унааларды айдоочулары таппай калып жатканын айтып, унаа тууралуу онлайн маалымат бере турган сайт түзүүнү сунуштаган.
