Ташиев көп балалуу жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү батир белек кылды (фото)








Бүгүн, 24-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 7 балалуу жалгыз бой эне Гүлнура Саламатовага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Мекемеден билидришкендей, Саламатова жалгыз бой эне, үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен жана спирт ичимдиктерин үзгүлтүксүз ичүүдөн улам жолдошу менен ажырашып кеткен. 2025-жылдын ортосунда ал "Аялзат" балдар жана аялдар үчүн кризистик борборуна кайрылып, ал жерде 7 баласы менен азыркы учурда убактылуу жашап жатат.
Мындан тышкары, Саламатова колунда 10 айлык баласы бар экенин, оор турмуштук жагдайдан улам ишке орношо албай, турак жайды ижарага ала албай жатканын айтып УКМКнын төрагасына жардам сурап кайрылган.
Жыйынтыгында Ташиев Саламатованын үй-бүлөлүк абалын эске алып, көп балалуу үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир белекке берди.
"Өз кезегинде Саламатова Ташиевге көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө көп жылдык активдүү жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди",- деп айтылат маалыматта.
