Депутат студенттер мамлекетик ооруканаларда 5 жыл иштөө милдеттенмесине каршы экендигин айтты
Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-сентябрдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Жыйында депутат Дастан Бекешев аталган мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратовго собол узатты.
"Биздин келечектеги медиктерди мамлекеттик ооруканаларда 5 жыл "отработка" кылдырууну милдеттендирүүнү каалап жатасыңарбы? А сиздер бул тууралуу студенттер, алардын ата-энелери же дарыгерлер, кайсы бир адистер менен кеңешип көрдүңүздөрбү?"- деди депутат.
Токтомуратовдун айтымында, медициналык окуу жайдын мугалимдери, ректорлор менен макулдашуулар жүргүзүлгөн.
"Биринчиден, окуу жайды жаңы бүткөн ординаторлорго чектөө киргизилген жок. Аларды мажбурлоо менен мамлекеттик ооруканаларга иштетели деген оюбуз жок. Биз жеке сектордо иштөө үчүн мамлекеттик сектордо 5 жылдык тажрыйбасы болсун деген талап киргизип жатабыз",- дейт ал.
Бекешев студенттер менен сурамжылоо жүргүзгөнүн айтып, алардын 93 пайызы бул сунушка каршы экендиктерин кошумчалады. Ошондой эле ал алгач дарыгерлерге жакшы шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.
Ал эми эл өкүлү Элвира Сурабалдиева жаңы эле окуу жайды бүткөн кыздарды аймактарга иштөөгө жиберүүгө тынсызданып жатканын белгиледи.
"Аймактарда инфраструктуралык даярдык жок. Кечээ эле окуу жайды бүткөн кыздарыбызды кантип аймактарга жөнөтөбүз? Жалгыз кызды кантип жөнөтөбүз?",- деди депутат.
Жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.
Дастан Бекешев
Элвира Сурабалдиева


