super.kg logo

Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүн асфальттоо боюнча маалымат берилди

 
Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө жол курулуш иштери уланууда. Бүгүнкү күнгө карата көчөнүн оң тарабына 5,4 чакырым, ал эми сол тарабына 3чакырым асфальт басылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түзөт. Тротуардын кеңдиги 2,25 метр. Аны менен катар жарыктандыруу иштерине даярдыктар кызуу жүрүп жатат.
"Жеринде жалпы 100 техника жана 200 кызматкер иш алып барууда. Ал эми Шералиев көчөсүндө кемчиликтерди жоюу иштери уланып, бир тарабында лоток орнотуу иштери толугу менен бүткөрүлдү. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөргө ыйлайыкталган тилкеде асфальтка даярдыктар жүрүп жатат. Курулуштун сапатына жана графиктин аткарылышына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлган",- деп белгиленген маалыматта.
Кошумчалангандай, Ленин көчөсүнүн узундугу 9 чакырымдан ашык, ал эми Шералиев көчөсү 2,3 чакырымды түзөт.
Белгилей кетсек, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев аталган көчөлөрдү толук бүтүрүү үчүн 10-октябрга чейин убакыт берген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: