super.kg logo

Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды (фото)

 
Бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына арналган “Кыргыз элинин улуу ойчул-акындары жана агартуучулары” аттуу туруктуу көргөзмөнүн бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Бактыбек Секимов, тарыхчы-окумуштуулар, адабиятчылар, маданият кызматкерлери жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Көргөзмө кыргыз элинин руханий маданиятында терең из калтырган акындар жана агартуучулар – Калыгул Бай уулу, Молдо Нияз, Арстанбек Буйлаш уулу, Эсенаман Жалгаш уулу, Нурмолдо, Ниязалы, Жеңижок жана Молдо Кылычтын чыгармачылыгына арналган.
Алардын ырлары, күүлөрү жана санаттары кыргыз элинин тарыхын, руханий дүйнөсүн даңазалаган баалуу мурас катары сунушталууда. Көргөзмөдөгү портреттерди Эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев иштеп чыккан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: