super.kg logo
  Спорт  

III КМШ мамлекеттеринин оюндарына катыша турган курамага мамлекеттик туу тапшырылды (фото)

 

Бүгүн, 24-сентябрда министрлер кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов Азербайжанда өтө турган III КМШ мамлекеттеринин оюндарына катыша турган спортчулар менен жолугушту.

Мекемеден билдиришкендей, жолугушуу учурунда спорт агенттигинин директору спортчуларга дем-күч жана жеңиш каалады.

III КМШ мамлекеттеринин оюндары спорттун бир нече түрүн камтыйт, анын ичинде самбо, таэквондо, футбол, човган, бокс, жаа атуу, ок атуу, волейбол, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, байдарка менен сууда сүзүү, баскетбол (3х3), каратэ жана көркөм гимнастика бар.

Иш-чаранын аягында Абдымомунов Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Нуркамил Асылбековго мамлекеттик тууну тапшырды.

III КМШ мамлекеттеринин оюндары 28-сентябрдан 8-октябрга чейин Азербайжандын Гянджа, Гөйгөл, Мингечевир, Габала, Шеки, Евлах жана Ханкенди шаарларында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: