super.kg logo

Таласта 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды

 

Бакай-Ата районунда 12 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып анын өгөй атасы кармалды. Маалыматты бүгүн, 24-сентябрда Талас облустук милициясынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, милицияга 12-сентябда өспүрүм кызга карата өгөй атасы тарабынан ыплас аракеттер жасалгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Териштирүү учурунда кыздын 39 жаштагы апасы экинчи күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазып, мыйзамдуу чечим кабыл алып берүүнү суранган. Жашы жете элек кызга карата тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү делген 49 жаштагы жаран Казакстанга өтүүчү “Ак-Жол” өткөрмө жайынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: