Ош милициясы ресторан алдында мушташкан жигиттер боюнча маалымат таратты



Ош шаардык ички иштер башкармалыгы "Изюм" ресторанында орун алган окуя боюнча билдирүү жасады.
Маалыматка ылайык, окуя 23-сентябрда болгон. Анда эс алып жаткан 2 тараптын ортосунда мушташ чыккан. Бул боюнча маалымат милицияга ошол күнү саат 15:30 чамасында келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматерлери окуянын 8 катышуучусун кармап, Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Алар 24 жана 23 жаштагы жигиттер болгон.
Текшерүүдө ресторанда эки башка тойдо отургандардын ортосунда кайым айтышуу орун алып, андан соң мушташка айланып кеткени аныкталган. Натыйжада 3 жаран бир суткага камакка алынып, калгандарына 20 миң сомдон айып пул салынган.
Шаардык милиция тараптар бири-бирине арыз жазуудан жана атайын соттук медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышканын кошумчалады.
Буга чейин социалдык тармактарда "Изюм" ресторанында алдында жаш жигиттердин мушташып жатканы тартылган видео тараган.
