Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысын кийинки жылы өлкөгө чакырды



24-сентябрда президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен Нью-Йорк шаарында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан кабарлады.
Жолугушуунун алдында мамлекет башчысы БУУнун Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырган. Антониу Гутерриш Садыр Жапаровду тосуп алып, жолугушууга канааттануусун билдирип, Кыргызстандын тездик менен өнүгүп жатканын белгилеп, өлкөнүн Борбор Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуудагы ролун өзгөчө белгиледи.
Өз кезегинде Садыр Жапаров уюмдун башкы катчысын жана бардык кызматкерлерин анын түзүлгөнүнүн 80 жылдыгы менен куттуктады.
Ал Кыргызстан БУУнун толук кандуу мүчөсү катары уставда бекитилген баалуулуктарга жана максаттарга берилгендигин жана климаттын өзгөрүшү, жакырчылык, жаңжалдар жана теңсиздик сыяктуу учурдун актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүдө дүйнөлүк коомчулук менен тыгыз кызматташууга умтуларын баса белгиледи.
Мындан тышкары президент Антониу Гутерришди 2026-жылдын күзүндө Бишкекте Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өтө турган "ШКУ+" саммитине катышууга чакырган. Башкы катчы чакыруу үчүн ыраазычылык айтып, аталган иш-чарага катышууга даяр экенин билдирди.
Соңунда тараптар өнөктөштүктү бекемдөөгө, тынчтыкты, туруктуулукту, туруктуу өнүгүүнү жана адам укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерге өз ара умтулууларын ырасташканы белгиленет кабарда.

