Кытайда "Рагаса" тайфунунан улам 2 миллион адам эвакуацияланды (видео)
Кытайдагы тайфундан улам түштүк мегаполистерден дээрлик 2 миллион адам эвакуацияланды. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.
"Рагаса" тайфуну 2025-жылдагы эң күчтүү бороон деп таанылып, шамалдын ылдамдыгы саатына 168 чакырымга чейин жеткен. Кырсык Тайванга да таасир берип, ал жерде 14 адам каза болуп, 129 киши дайынсыз жоголгон.
Тайфун Гонконгдун каржылык борборун, Филиппиндердеги алыскы аралдарды жана Тайвандын тоолуу аймактарын каптады. Гонконгдо жана Макаодо эң жогорку деңгээлдеги бороон-чапкындын эскертүүсү жарыяланды.
Учурда тайфун алып келген жер көчкүлөр жана чоң толкундар Кытайдын Гуандун провинциясына жакындап келүүдө. Бул жерде ири шаарлар - Шэньчжэнь жана Гуанчжоу жайгашкан. 23-сентябрда бул аймакта шамалдын ылдамдыгы саатына 181,44 чакырымга чейин жеткени кабарланды.
Синьхуа агенттигинин маалыматына ылайык, "Рагаса" 2025-жылдагы 18-тайфун болуп саналат. Ал 21-сентябрда күч алып, супертайфунга айланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын тобу Гуандунга шашылыш жөнөтүлгөн.
Буга чейин 24-августта Кытайга "Кадзики" тайфуну жеткен. Хайнань аралында шамалдын ылдамдыгы саатына 166 чакырым болуп, унаалар оодарылып, бактар кулаган. 25-августтагы маалыматка караганда, бул тайфундан 102 500 адам жабыркаган.
Кытайда тайфундан улам 2 миллион адам эвакуацияланды

