super.kg logo

Израил аскерлери Газанын борборуна чейин жетти. ХАМАС жоокерлерин жөнөтүүгө даяр

 

Израил армиясы Газанын борборуна чейин жетти, ал эми ХАМАС кыймылы катуу көчө салгылаштарына даярданып, куралдуу күчтөрүн кайра топтоодо. Бул тууралуу BBC жана Reuters агенттиктери кабарлашты.

Израил шаардын ХАМАСтын акыркы таяныч жери экенин белгилеп, тирүү калган 20 туткунду бошотуу жана каза болгон 28 израилдик туткундардын сөөгүн кайтаруу максатын көздөп жатканын жарыялады.

BBC тастыктаган видео тасмада израилдик танк Газа шаарындагы Хамид кесилишинде, шаардын так ортосунда жайгашкан аль-Шифа ооруканасынан болжол менен 1,5 чакырым аралыкта турганы көрүнөт. Мындан тышкары, жергиликтүү булактар израилдик бронетехникалар Газанын түштүгүндөгү БУУнун имараттарынын жанында, шаар борборунан 700 метр алыстыкта жүргөнүн билдиришкен.

BBC ХАМАСтын өкүлү менен сүйлөшкөндө, ал уюм шаарга миңдеген жоокерлерди жөнөтүүгө даяр экенин айткан. Эгер бул чын болсо, анда Газа шаарында катуу көчө салгылаштары болушу ыктымал, ал эми шаарда миңдеген карапайым тургундар азырынча шаардын сыртына чыга элек.

Өткөн жумада Израилдин армиясы Газа шаарында ХАМАСтын 3000ге жакын аскерлери бар деп баалаган. Бирок ХАМАС өкүлү BBC менен болгон маегинде алардын саны 5000ге чейин жетет деп билдирген. Бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу текшерүү мүмкүн эмес, анткени ХАМАС бул боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Израил учурда Газа секторунун бардык периметрин көзөмөлдөп, чет элдик журналисттерди коштоосуз аймакка киргизбей жатат. Ошондуктан эки тараптын билдирүүлөрүн тактап чыгуу абдан кыйын.

Белгилүү болгондой, ХАМАСтын командири Мохаммед Дейф өткөн жайда өлтүрүлгөнгө чейин, өз жоокерлерине партизандык согуш жана тактикага өтүү боюнча буйрук берген. Андан мурун аймакты көзөмөлдөп турууга аракет кылган ХАМАС бөлүктөрү Израил армиясы тарабынан толугу менен жок кылынган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: