Түштүк Корея: Түндүк Кореяда байытылган урандын көлөмү 2 тоннага жетет
Түштүк Кореянын биригүү иштери боюнча министри Чон Дон Ён басма сөз жыйын өткөрүп, Түндүк Кореяда 2 тоннага чейин жогорку деңгээлде байытылган урандын запасы бар экенин билдирди. Бул тууралуу "Рёнхап" агенттиги кабарлады.
Министр бул маалыматты чалгындоо кызматтарынан алынган маалыматтарга таянып айткан.
"Муну тез арада токтотуу керек. Учурда Түндүк Кореянын төрт аймагындагы уран центрифугалары ядролук материалдарды топтоо үчүн иштеп жатышат",- деди Чон Дон Ён.
Ошондой эле ал Корей жарым аралын өзөктүк куралдардан арылтуу боюнча аракеттер туңгуюкка такалып калганын, бирок бул процессти жандандыруунун бир жолу катары Түндүк Корея менен АКШнын сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо мүмкүнчүлүгү экенин белгиледи.
Буга чейин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШ менен сүйлөшүүгө ачык экенин, бирок Вашингтон денуклеаризация талабынан баш тартууга тийиш экенин айткан болчу.

