super.kg logo

Ысык-Көлдө жарандын үйүнөн 12,6 килограмм баңгизат табылды

 

Ысык-Көл районунда баңгизатын мыйзамсыз өндүрүү жана таратуу каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрда кара куурай сабагын 70 миң сомго өзгөчө ири өлчөмдө сатуу аракетинде Т.А. аттуу жаран кармалган, анын жашаган жеринен кара куурайдын чайыры түрүндөгү баңги каражаттары, баңги каражаттарды кол өнөрчүлүк жол менен даярдоо боюнча буюмдар жана шаймандар, ошондой эле эч кандай уруксат берүүчү документтери жок ок-дарылар табылган. Алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 12,6 килограмм түздү.

Ошондой эле жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Т.А. тарабынан ири өлчөмдөгү гашиш түрүндөгү баңги каражаттарын системдүү сатуу фактылары катталган.

Ага карата Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган. Тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: