Дүйнөлүк таэквондо уюмунун президенти Бишкектеги балдар борборуна келип кетти




Бишкектеги турмуштун оор кырдаалында калган "Айданек" балдарды реинтеграциялоо борборуна Дүйнөлүк таэквондо уюмунун президенти Чунвонг Чой келип кетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда мэриядан билдиришти.
Аталган борбор WT Таэквондо ассоциациясы менен кызматташуусунун аркасында 1-августтан баштап балдар үчүн жумасына үч жолу машыгууларды өткөрүп келет. Мындан тышкары, ассоциациянын Кыргызстандагы президенти Алексей Пак балдарды спорттук форма менен камсыз кылып, борборго эки телевизор жана синтезатор белек кылды.
"Айданек" балдарды реинтеграциялоо борборунун негизги максаты – ата-энесинин камкордугусуз калган же оор жашоо кырдаалына туш болгон 3 жаштан 18 жашка чейинки балдарга социалдык, психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүү. Борбордун жетекчилиги мындай демилгелер балдардын өз күчүнө ишенүүсүнө, физикалык жана руханий жактан өнүгүүсүнө, ошондой эле позитивдүү чөйрө табуусуна жардам берет",- деп кошумчаланды маалыматта.
