super.kg logo

Факт же миф: Парацетамол аутизмге алып келеби?

 

АКШнын президенти жана саламаттык сактоо министри кош бойлуулук учурунда парацетамолду колдонуу баланын аутизм менен төрөлүү коркунучун жогорулатат деп билдиришти. Бирок башка өлкөлөрдөгү окумуштуулар бул билдирүүнү күмөн менен кабыл алып, илимий жактан жетиштүү далил жок экенин белгилешүүдө.

Алардын айтымында, азырынча парацетамол менен аутизмдин түздөн-түз байланышы далилдене элек жана бул боюнча кошумча изилдөөлөр талап кылынат.

Аутизмдин пайда болуу себептерин адистер ондогон жылдар бою изилдеп келе жатышат. Бирок АКШнын президенти Дональд Трамп 21-сентябрда оңчул активист Чарли Кирк менен коштошуу аземинде сүйлөп жатып бул табышмак чечилгенин билдирди.

"Менимче, биз аутизм маселесинин жообун таптык",- деди Трамп.

Буга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын апрелинде АКШнын саламаттык сактоо министри Роберт Кеннеди өзүнүн мекемеси "аутизм эпидемиясынын" себептерин аныктоо үчүн ири масштабдагы тесттерди жана изилдөөлөрдү баштаганын жарыялаган. Ал 2025-жылдын сентябрь айына чейин илимге негизделген тыянак чыгара турганын айткан.

Буга акыркы ондогон жылдарда АКШда аутизм менен катталгандардын санынын кескин көбөйгөнү себеп болгон. Алсак, 2000-жылы АКШдагы Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) маалыматына ылайык, ар бир 150 баланын бирине аутизм диагнозу коюлса, 2020-жылы бул көрсөткүч ар бир 36 баланын бирөөсүндө аныкталган.

Бул өсүш адистерди кооптондуруп, генетикалык, экологиялык жана дары-дармек факторлорунун ролун тереңирээк изилдөөгө түрткү берүүдө.

The Washington Post гезитинин маалыматына ылайык, АКШ өкмөтү жакынкы убакта изилдөөлөрдүн жыйынтыгын жарыялайт, анда аутизмдин пайда болушу кош бойлуу аялдардын дарыгердин уруксаты жок ооруну басаңдатуучу жана дене табын түшүрүүчү дары - "Тайленолду" колдонушу менен байланыштуу экени айтылат. Бул дарынын активдүү заты - ацетаминофен, ал дүйнөдө кеңири колдонулган парацетамол менен бирдей курамга ээ.

Бирок чын эле бул дарыны кош бойлуулук маалында колдонуу баланын аутизм менен төрөлүшүнө алып келе турганы азырынча так далилдене элек.

"Бар болгон далилдер кош бойлуу кезде парацетамолду колдонуу менен аутизмдин ортосунда байланыш бар экенин көрсөтпөйт. Кош бойлуулук маалында парацетамолду колдонууга болот, бирок эң минималдуу дозада, мүмкүн болушунча кыска мөөнөткө жана дайыма колдонуу сунушталбайт",- деди 23-сентябрда Европа дары-дармек агенттиги.

Бирок окумуштуулар аутизмдин пайда болушун дарыдагы жалгыз активдүү зат менен байланыштуу деп айтууга негиз жок экенин билдиришти.

"Кеңири жүргүзүлгөн изилдөөлөр байланышын далилдеген жок, болгону коркунучтун бир аз жогорулаганы байкалган",- деди Кристине Фрайтаг Германиядагы балдар жана өспүрүмдөр психиатриясы, психосоматикасы жана психотерапия бөлүмүнүн башчысы.

Анын айтымында, кош бойлуулук учурунда ооруну басаңдатуучу дарыларды колдонуу жалпысынан тобокелдик фактору катары каралат. Бирок нерв системинин өнүгүшүндөгү бардык бузулуулар, анын ичинде аутизм да, полигенетикалык тобокелдиктер менен байланыштуу.

Бул деген мындай оорулардын пайда болушу жалгыз бир дарынын компоненти же өзүнчө бир ген менен түшүндүрүлбөйт, башкача айтканда, бир эле себептен эмес, көптөгөн генетикалык жана экологиялык факторлордон көз каранды.

Аутизмдин көп түрдүү көрүнүштөрү бар жана ар кимде ар кандай деңгээлде байкалат. Айрым адамдарда социалдык байланышта кыйынчылыктар болсо, башкалар билим алууда кыйынчылыктарга дуушар болушат. Кээ бир бейтаптарда кармоо сезимталдыгы же жарыкка реакция гиперсезгичтик түрүндө көрүнүшү мүмкүн. Адистер аутистикалык спектрдеги бузулуулар мээнин эрте балалык мезгилдеги өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөрдөн келип чыкканын айтышууда.

Оксфорд жана Лондон университетинин колледжинин когнитивдик нейробиологу жана аутизм боюнча эксперти Жофф Бёрд билдиргендей, илимпоздор аутизм генетикалык негизге ээ экенине өтө ишенишет. Анын айтымында, аутизмдин 80 пайызы мурасталган ген мутациялары менен байланыштуу.

Бёрддун айтымында, азыркы учурда мындай диагнозду көп учурда мурункуга салыштырмалуу кыйла жеңил белгилери бар адамдарга коюшат жана бул бир жагынан оорунун кеңири жайылышын түшүндүрүүдө.

Экинчи жагынан, азыркы кезде скрининг ыкмаларынын өзгөрүшү кыз-келиндерде аутизм симптомдорун аныктоого мүмкүнчүлүк берип жатат. Айрым изилдөөчүлөр мурасталган ген мутацияларынан тышкары, айлана-чөйрө факторлору, мисалы, булгануучу заттар, микропластик же токсиндер аутизмдин өнүгүшүнө түрткү болорун айтышууда.

Ошондой эле көпчүлүк ата-энелер балдары вакцина алгандан кийин аутизмге чалдыкканын да маалымдашкан. Бул боюнча акыркы 20 жыл ичинде илимпоздор вакцинация менен аутизмдин ортосунда байланыш бар-жогун аныктоо максатында бир катар ири изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Натыйжалар көрсөткөндөй, вакцинация менен аутизмдин эч кандай байланышы жок,

23-сентябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) билдиргендей, аутизмдин өнүгүшү вакцинация менен байланыштуу эмес. Уюмдун айтымында, вакцинация жашоолорду сактап калат жана бул талкууга алынбашы керек.

Ал эми Кыргызстанда 2021-жылы чыккан статистикалык маалыматтарда 630 бала аутизм менен жабыркай турганы айтылган.

"Рука в руке" коомдук бирикмесинин өкүлү Жылдыз Садыкова жергиликтүү басылмаларга берген маегинде, Кыргызстанда аталган диагнозду расмий түрдө балдардын психиатрлары коюша турганын айтты. Бирок дарыгерлердин саны аз жана баары Бишкекте жайгашкан.

"Облустарда диагноз коюу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок. Анан дагы диагнозду негизинен оор абалдагы балдарга гана коюшат. Бирок бизге акыл-эси сакталган, бирок жашы чоңураак аутизм менен жашаган балдардын ата-энелери көп кайрылышат. Аларда диагноз жок. Бул абдан чоң көйгөй болуп жатат. Ошондой эле 10 жаштан ашып калган аутизм менен ооругандар үчүн бүгүнкү күндө эч кандай борбор жок. Себеби азыр бардык борборлор көбүнчө кичинекей балдарга багытталган, биз да ошондойбуз",- деди Садыкова.

Аутизм же аутисттик спектрдеги бузулуу (АСБ) — бул нерв системинин өнүгүшүндөгү өзгөчөлүк болуп, адамдын дүйнө менен жана башка адамдар менен өз ара аракеттенишине таасир этет. Анын негизги көрүнүштөрү социалдык байланыш жана адамдарды түшүнүүдөгү кыйынчылыктар, кайталанган жана чектелген жүрүм-турум болушу мүмкүн. Аутизм ар бир адамда ар башкача көрүнөт жана ар кандай деңгээлде болушу мүмкүн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: