super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Гүлчөгө шаар статусун берүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

 

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүңдө мыйзам долбоору үч окууда каралып, колдоо тапты.

Маалыматка ылайык, айыл аймактын курамында 12 айыл бар. Калкынын саны 22 566 адамды түзөт.

Ал жакта Алай райондук мамлекеттик администрациясы, Гүлчө айыл өкмөтү, УКМКнын райондук бөлүмчөсү, аскер бөлүгү, прокуратура, сот, Социалдык фонд жана башка министрликтердин, мекемелердин райондук бөлүмдөрү, банктар жана стадиондор жайгашкан.

Айылда 1 кесиптик лицей, 3 орто мектеп, 1 мектеп-интернат, 5 бала бакча бар. 90 пайызы таза суу менен камсыз болгон, жолдорунун 63 пайызына асфальт төшөлгөн.

Эми мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров карайт.

Эске салсак, 12-сентябрда президент Садыр Жапаров Алымбек датканын урматына арналган майрамдык иш-чарада Гүлчө айылына шаар статусун берүү маселесин кароону тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырганын айткан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: