Орусияда аюу аялга кол салып, каза болду (видео)
Орусиянын Петропавловск-Камчатск аймагында аюу аялга кол салып, аял каза болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, алгач аюу Ленин районундагы унаа токтотуучу жайдагы кишиге кол салган, ал качып, унаасына киргенге жетишкен.
Андан соң аялга кол салган. Ал алган жаракаттарынан улам, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн, дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес.
Жырткыч биринчи кол салган кишинин унаасы катуу зыянга учураган: терезелери талкаланып калган.
Аюу токойчулар тарабынан жок кылынды.
Орусияда аюу аялга кол салып, каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.