super.kg logo

NASA астронавттар Айдын орбитасына качан бара турганын жарыялады

 

АКШнын NASA агенттиги Artemis II тапшырмасы менен 2026-жылы башында астронавттарды Айдын тегерегине жөнөтүүнү пландап жатат. Бул жарым кылымдан бери Айдын орбитасына адам учкан биринчи операция болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, тапшырмага төрт астронавт катышат: үч америкалык жана бир канадалык. Алар Айдын тегерегинде айланып өтүшөт, бирок бетине түшпөйт. Айга конуу Artemis III тапшырмасы аркылуу жүзөгө ашат.

Бул программа АКШнын Айга кайтып келүүсүн тездетүүнү максат кылат. Кытай болсо 2030-жылга чейин өз тапшырмасын пландап жатат. NASA узак мөөнөттө Айда туруктуу база курууну жана аны Марска саякат үчүн колдонууну көздөйт. Эгер Artemis II ийгиликтүү өтсө, 1972-жылдан бери биринчи жолу Айдын тегерегине астронавт жөнөтүлгөн болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: