super.kg logo

Киану Ривздин бакытка карай узак жолу

 

“Голливуддун эң жөнөкөй актёру”, “капалуу адам” деген пикирлер кино жылдызы Киану Ривзге карата көп айтылат. Актёр өзүнүн “жылдыз” экенин билет, бирок ал статусту эч качан өз кызыкчылыгына пайдаланып көргөн эмес. Коомдук транспортто кенен жүрөт, көчөдө отурган селсаяктын жанына барып чогуу тамактанат, жумушунан тапкан гонорарын кайрымдуулукка көп жумшайт. Ушундай жөнөкөйлүгү менен миллиондогон күйөрмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан актёр тууралуу бир нече фактылар менен бөлүшөбүз.

1-факт

Киану Ривз Ливандын Бейрут шаарында 1964-жылы жарыкка келген. Апасы театрда костюмдар боюнча сүрөтчү, атасы геолог эле. Киану төрөлгөндөн көп өтпөй атасы баңгизат сатуу боюнча кылмышка шектелип, камалып кетет. 3 жашка чыкканда түрмөдөн чыгып, аялына, уулуна сокур тыйын таштабастан кете берген. Апасы акча табуунун айласында түнкү клубдарга бийчи болуп орношуп, бир күйөөдөн экинчисине чыгып отуруп, айтор, дагы 3 балалуу болгон. Балдарды багуу кыйын эле, жалгыз бой эне Ливандан Австралияга, андан Америка, Канада деп көчүп-конуп отурган. Киануга апасынын бир нече жолу турмушка чыкканынын пайдасы да болгон. Өгөй аталарынын бири кинорежиссёр эле, ал баланын талантын байкап, керектүү адамдар менен тааныштырат. Ошентип, жаш актёрго кинодон жол ачылган.

2-факт

Киану актёр болом дегенден алыс адам болчу. Дислексия (текстти бат окуу, өздөштүрүү кыйынчылык жаратат) дарты менен жабыркагандыктан мектепте окуу процесси ал үчүн оор өтчү. Балага мектептен жаккан нерсе – хоккей болду. Өзүн спорт тармагынан көрүп, хоккейчи болом деп турганда жаракат алып калып, баштала элек карьерасына чекит коюлган. Анан өгөй атасы продюсерлер менен тааныштырып калып, жарнамалык роликтерге, театрда майда-чүйдө ролдорго тартыла баштаган. Жарнамаларга акча үчүн гана тартылчу, бир туугандары менен таята-таенесинин карамагында болгондуктан аларга жардам берүүгө аракет кылчу эле.

3-факт

22 жашында алгачкы жолу толук метраждуу тасмага, болгондо да хоккей оюнундагы дарбазачынын ролуна (“Жаш кан” тасмасы) чакырылган. Бул символикалуу ролу менен биротоло хоккей менен коштошкон өңдүү. Көп өтпөй Киану Ривзди дүйнөлүк жылдызга айланткан тасмалар жарык көрдү: “Азезилдин жактоочусу”, “Таттуу ноябрь”, “Матрица” франшизасы, “47 ронин”, “Дракула”, “Константин: караңгылыктын падышасы”, “Жон Уик” франшизасы, “Балерина” жана башка. Кино карьерасында 100дөн ашык тасмага тартылган актёрдун дале “Оскары” жок.

4-факт

Папараццинин камералары Киану Ривзди көчөдөн, коомдук жайлардан көп тартып алат. Жөнөкөй кийинген, жан сакчылары жок жүргөн актёр негедир муңдуу жүргөндөй сезилет. Мындан улам күйөрмандары ага боору ооруп, анын жашоосу оор болгонун, ошонун кесепетинен чыга албаганын айтып божомолдошот. Ким билсин, балким, бул жүйөнүн да чындыгы бардыр. Атасынын таштап кеткени, апасынын көп учурда жок болгону, мектептен мектеп алмаштыруу, алмаша берген бала багуучулар, жокчулук жаш балага терс таасирин тийгизгендир. Дислексия дарты менен Киануга кошо дагы бир карындашы да жабыркачу. Жакшы сүйлөй албай, тамгаларды кошуп окуу, аны кайра айтып берүү кыйынчылык жаратып, окуулары гана начарлабай, башкалар менен тең ата сүйлөшүү, достошуу да оор болгон. Психологдор “мунун баары ичте жутулуп, сыртка чыкпай калган эмоционалдык жаракаттардан улам болушу мүмкүн” дешет.

5-факт

Тасмадагы самурайдын ролундагыдай эле жашоо образын кечирип жүрдү, үй-бүлөсү, үйү жок, эркин, эч нерсеге кармалбай. Карьерасы башталгандан 10 жыл бою мейманканаларда, батирлерде күн кечирген. Калифорнияда актёр жашаган “Шато Мармон” мейманканасына аны менен учурашуу, сүйлөшүү, сүрөткө түшүү үчүн келген коноктордун саны көп эле. Убактысы болсо баары менен учурашкан ушундай жөнөкөй адам экенин айтышат мейманкана кызматкерлери. Үйдү болсо 2003-жылы гана Лос-Анжелес шаарынан сатып алган.

6-факт

61 жаштагы актёр бир да жолу үйлөнө элек. Ушунчалык бай, атактуу адамдын колунан көп эле сулуу өтсө керек дегендер жаңылышат. Киану Ривздин эң алгачкы сүйүү романы 1999-жылы белгилүү болгон. Актёрдун жүрөгүн багынткан айымдын аты Женнифер Сайм эле. Актриса экөө бактылуу мүнөттөрдү – кыздуу болушун күтүп жатышкан. Тилекке каршы, наристе чарчап калган. Бул кабарды актёр катуу кабыл алып, депрессияга түшүп кеткен. Женнифер экөө да эки башка кетишкен эле. 2000-жылы кайрадан биригип, эми баары жакшы болот деп турган чакта, 2001-жылы Женнифер автокырсыкка кабылып, көз жумган. Ошону менен Киану мырза кайрадан жүрөгүн сүйүү үчүн жаап салган өңдүү..

7-факт

Арадан 18 жыл өткөндөн кийин гана жабык жүрөктүн эшигин ачкан айым тууралуу белгилүү болду. Сүрөтчү, скульптор Александра Грант менен жумуш үстүндө кезигишкен. Тагыраагы, Киану Ривз жазган китептин иллюстратору Грант болчу. Башында жумуш, кийин достук, узак жолдон кийин гана махабат оту тутанганын айтышат түгөйлөр. Сүрөтчү айым актёрдон 9 жашка кичүү. Экөөнүн романы белгилүү болгондо эки тараптуу пикирлер айтылды. Бир тарабы “ушунча байлык, келбет, атакка ээ адам сулуу, модель келбетиндеги, жаш кызды тандаса болмок” дешти. Экинчи тарап “Киану Александра Грантты тандап чыныгы сүйүү бар экенин далилдеди. Негизгиси өзү бактылуу болсун, мындан ары муңайбасын” деген ойдо. Актёрдун достору аларды көп жагынан бири-бирине окшош, бири-бирин толуктаган, ойлору, көз караштары бир идеалдуу түгөй деп эсептешет.

8-факт

Филантроп. Кайрымдуулук иштерин жарыялаганды жактырбайт. Белгилүүлөрүнөн мисал кылсак, “Матрица” тасмасындагы гонорарынан бир топ сумма (80 миллион доллар) тартуучу топтун айлык акысын көтөрүү максатында бөлүп берген. Андан сырткары “Азезилдин жактоочусу” тасмасына актёр Аль Пачинону чакырууга акча жетпей жатканын угуп, өзүнүн гонорарын берген.

Карындашы лейкемия дарты менен жабыркап, бактыга жараша, аны сактап калууга мүмкүн болгон. Ошондон бери актёр ак кан оорусун изилдөө, дары-дармек чыгаруу иштерине жана бейтаптарга материалдык колдоо көрсөтүп келет. Андан сырткары рак оорулары менен жабыркагандарды колдогон фонд түзгөн. Кымбат баалуу унаалар, кычыраган ак сарайлардын ордуна мына ушундай иштерге коротот тапкан акчасын.

Макала "Супер-Инфо" гезитине таандык.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: