17 жаштагы кызды чачынан сүйрөп... Аял менен жаш кыздын мушташы талкууда (видео)
23-сентябрда Бишкектин Кара-Жыгач конушунда кыздын жана аялдын катышуусунда мушташ болгон.
Социалдык тармактарда кызды чачынан сүйрөгөн аялдын видеосу тарады.
Видеону жарыялаган Жибек Сулайманованын айтымында, кыз 17 жашта. Жашы жете элек кыз жамгырдан жашынып аялдын үйүнүн жанында турган. Аял кызды "таштанды таштады, тамеки чекти" деп айыптап, тазалашын талап кылган. Кыз айыптоолорду четке кагып, макул болгон эмес. Ортодо чыр чыгып, мушташка чейин жеткен. Аял кызды кемсинтип, түрдүү жаман сөздөрдү айткан. Кыйкырыктардан улам кошуналар чуркап келишип, бирок, абалды түшүнбөй, кызга жардам беришкен эмес.
Видеонун автору ошондой эле окуя болгон жерге аймактык тескөөчү менен патрулдук милиция кызматкери чакырылганын, бирок алар эч кандай чара көрбөй, кызга жана анын апасына кысым көрсөтүшкөнүн айтууда.
Окуя боюнча SUPER.KG порталы Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматына кайрылды.
"Учурда бул факт боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатат. Эки тарап бири-биринин үстүнөн арыз жазышкан. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында акыркы юридикалык баа берилет",- деп билдирди мекеме.
17 жаштагы кызды аял чачынан сүйрөп... Аял менен жаш кыздын мушташы талкууда
