"Алло... мага келбесеңиздер, сураныч". Төрага депутаттарды күлкүгө салды (видео)
Бүгүн, 25-сентябрдагы парламент жыйынында "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.
Депутат Марлен Маматалиев демилгелеген конституциялык мыйзам долбоору укуктук карама-каршылыктарды жоюу жана текстти колдонуудагы мамлекеттик жана расмий тилдеги конституциялык мыйзамдын редакцияларына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбоору каралып жатканда төрага Нурланбек Тургунбек уулу депутаттарга кайрыларда "Алло" деп алып, кесиптештерин күлкүгө алды.
"Мына, көрдүңүзбү? Мени ушинтип жаңылтышат да. Комитеттин корутундусу окулду. Урматтуу депутаттар, мага келбесеңиздер бул жакка, сиздерден сураныч",- деди төрага.
Жогорку Кеңеш 25.09.25
Жогорку Кеңеш 25.09.25


