super.kg logo
  Саясат  

Надира Нарматова парламентти таратууну демилгелеген кесиптештерин сындады

 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-сентябрдагы жыйынында депутат Надира Нарматова парламентти таркатууну демилгелеген кесиптештерин сындады.

"Болгондо дагы келгенине 1-2 жыл боло элек депутаттардын келе калып, кете калам деп демилге көтөргөнү коомчулукта түрдүү пикирди жаратты. Болгондо да 3 вице-спикер, алты комитеттин төрагасы маселе көтөрүп жатат.

Ал эми парламентти таратуу боюнча келерки жылы июль-августта, каникул учурунда шайлоо өткөрүп койсо болмок",- деди ал.

Ошондой эле депутат мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн демилгени колдой турганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, бүгүн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуусу боюнча чечим кабыл алынды. Аталган сунушту 32 депутат демилгелеген.

Жыйында баяндама жасаган депутат Улан Примов депутаттарды таркатууга шайлоо боюнча жаңы мыйзам кабыл алынганын жана президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа болушу негиз болгонун билдирди.







Надира Нарматова Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратууну демилгелеген кесиптештерин сындады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: