Бетине тээп... 16 жаштагы кызды 13 жана 17 жаштагы бир туугандар сабап салышты




Кечээ, 24-сентябрда соцтармакта Ош шаарынын Раимбеков жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кыздардын өз ара жаңжалдашып жаткан видеосу тараган.
Ош милициясы бул окуя 24-сентябрь күнү болгонун билдирди. Окуя Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, тиешелүү текшерүү иштери башталган. Окуяга тиешеси бар тараптар милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Жабырлануучу 2009-жылы туулган, Оштогу окуу жайлардын биринин студенти Р.А. жана ага кол көтөрүшкөн бир туугандар 2008-жылы туулган, эч жерде окубаган, иштебеген К.М., анын сиңдиси Оштогу мектептердин биринин окуучусу 2012-жылы туулган К.А., анын курбусу, 9-класстын окуучусу Т.А.
Жабырлануучу жана шектүүлөр бири-бирин таанышпайт, адегенде Каныкей эстелигинин алдында топ ойноп жатышып чырдаша кетишкен. Андан соң жабырлануучу түштүк тарапка карай басып кеткен. Ошол учурда эки кыз (бир туугандар) жана курбусу артынан келишип ур-токмокко алышкан.
Учурда жабырлануучунун жашы жете элек экендигин эске алып, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, ата-энеси Кара-Кулжа районунун Алайкуу аймагынан тергөөгө чакырылган. Алардын арыздарына жараша тергөө кызматы иш алып барат.
Бетине тээп... 16 жаштагы кызды 13 жана 17 жаштагы бир туугандар сабап салган
Бетине тээп... 16 жаштагы кызды 13 жана 17 жаштагы бир туугандар сабап салган
