super.kg logo
  Спорт  

Грек-рим күрөшүндөгү реформа. Уран Жузуп уулу кызматтан кетүү себебин айтты

 

Кыргызстандын улуттук грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Уран Жузуп уулу өзүнүн кызматтан кеткендиги боюнча комментарий берди.

Ал Инстаграм баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, чечим үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу кабыл алынганын белгиледи. Ошондой эле ал кызматта аз убакыт иштесе да, жардам берген машыктыруучуларга, федерацияга жана аны колдогон жетекчилерге терең ыраазычылык билдирди.

Машыктыруучу Хорватияда өткөн дүйнөлүк чемпиондукта бардык спортчулар жан дили менен күрөшкөнүн белгилеп, бирок күткөн жыйынтык чыкпаганын айтты. Ошол эле учурда жаш команданын келечегине ишенимин билдирип, спортчуларга ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, 13-сентябрдан 21-сентябрга чейин Хорватиянын Загреб шаарында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпиондук орун алып, ал жакка грек-рим күрөшү боюнча барган 10 балбандын бирөө гана коло медаль менен кайтты. Аны балбан Асан Жанышов алып келди.

Мындан улам бүгүн, 25-сентябрда кураманын жалпы машыктыруучу тобу кеткендиги жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: