super.kg logo

Даниядагы бир нече аэропорт дрондордон улам жабылды

 

Даниянын Ольборг аэропортунун жанынан дрондордун көрүнүшү өлкөнүн аба мейкиндигин убактылуу жабууга алып келди. Бул тууралуу даниялык басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, полиция Эсбьерг, Сондерборг жана Скрыдструп шаарларындагы аэропорттордун жанында да дрондор учуп жүргөнүн кабарлады.

Евробиримдиктин аба коопсуздугу боюнча агенттиги Ольборг аэропортунда таңга чейин учуулар токтотуларын билдирди.

"Бул кокустук эмес, системдүү болуп көрүнүп турат",- деди Даниянын коргоо министри Троэлс Лунд Поулсен.

Премьер-министр Метте Фредериксен бул окуяны өлкөнүн маанилүү инфраструктурасына жасалган эң олуттуу чабуул деп баалады.

Эске салсак, буга чейин Копенгаген жана Осло аэропорттору да дрондордон улам убактылуу жабылган. Акыркы күндөрү Европанын бир катар ири аэропортторунда киберчабуулдар жана дрондордон улам каттамдар үзгүлтүккө учурап, операцияларда олуттуу кечигүүлөр болуп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: