super.kg logo

Кытайда роботтор иштеген дүкөн ачылды

 

Кытайдагы Galbot компаниясы роботтор тейлеген дүкөн ачты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Робот адамдарга караганда өтө жай иштейт, бирок компания жыл аягына чейин Кытайда жүз дүкөн ачууну пландап жатат. Компаниянын пикиринде, роботтор келечекте маанилүү роль ойнойт.

Маалым болгондой, дүкөндө техникалык кыйынчылыктар да кездешүүдө. Алсак, үзгүлтүксүз өзгөрүп турган ызы-чуунун деңгээли сенсорлорду бузуп, ар түрдүү кардарлардын сүйлөө өзгөчөлүктөрү кыйынчылык жаратууда.

Эскерте кетсек, августта Пекиндеги Robot Mall соода борборунда дүйнөдөгү биринчи адам сыяктуу роботторду саткан дүкөн ачылган. Ал 4S форматында иштейт: сатуу (Sale), тетиктерди камсыз кылуу (Sparepart), тейлөө (Service) жана рынокту изилдөө (Survey).

Мындан тышкары, анда роботтор иштеген кафе жана ресторан-бар бар. Бул төрт кабаттуу дүкөндө 50дөн ашуун бренд сунушталууда.






Кытайда роботтор тейлеген дүкөн ачылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: