super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абадда жумушсуздукту жоюу боюнча тегерек стол болуп өттү

 

Бүгүн, 16-январда Жалал-Абад шаарында «Жумушсуздукту жоюу жана жаштарды жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү» деген темада тегерек стол болуп өттү. Аталган иш-чараны «Жаш жарандардын өнүгүүсү» коомдук фонду уюштурган. Бул тууралуу Жалал-Абад обладминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Сузак районунун акимчилигинин, Миграция, эмгек жана жаштар министрлигинин облустук жана шаар, райондук өкүлдөрү, кесиптик лицейдин мугалимдери, бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери катышышты.

«Иш-чаранын негизги максаты - иш менен камсыз кылган бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жаштардын байланышын бекемдөө, жаштардын башын бириктирүү. Бул тегерек столдун жыйынтыгында Жалал-Абад облусундагы жаштар борборлоруна жаштарды иш менен камсыз кылуу долбоорлору тартуу аракеттери көрүлөт»,- деп билдирди аталган долбоордун координатору Айбек Жолборсов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: