super.kg logo

Axios: Зеленский согуштан кийин кызматынан кетүүгө даяр экенин билдирди 

 

Украинанын президенти Зеленский согуштан кийин кызматынан кетүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Axios басылмасына берген маегинде билдирди.

"Менин максатым - согушту токтотуу, шайлоолорго кайра катышуу эмес",- деди Украина президенти

Axios жазгандай, Украина президенти ок атышууну токтотуу режими киргизилсе, Жогорку Радага шайлоону өткөрүү өтүнүчү менен кайрылууга даяр экенин айтты.

Украина лидери азырынча айрым тоскоолдуктар бар экенин белгиледи. Анын айтымында, буга өлкөнүн бир катар аймактарындагы коопсуздук абалы жана Украина Конституциясынын жоболору кирет.

"Украинанын Конституциясы согуш абалында шайлоолорду өткөрүүгө тыюу салат. Бирок Зеленский шайлоолорду өткөрүү мүмкүн экенин айтууда",- деп билдирет басылма.

Владимир Зеленскийдин кызмат мөөнөтү өткөн жылдын 20-майында аяктаган. 2024-жылы өлкөдөгү аскердик абалга байланыштуу президенттик шайлоо болбой калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: