Жээнбек Кулубаев Малинин тышкы иштер министри менен сүйлөштү
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малинин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Абдулай Диоп менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда ТИМ билдирди.
24-сентябрда өткөн жолугушуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында өттү.
Анда Кулубаев эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө кызматташууну бекемдөөгө даяр экендигин баса белгилеп, кесиптешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Тараптар эки өлкөнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде БУУ жана Ислам Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында саясий диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.
Министр Диоп Малинин Кыргызстан менен достук мамилелерди чыңдоого кызыкдар экенин ырастады. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.


