super.kg logo
  Саясат  

"Шайлоо деген бир айлык жарыш...". Төрага талапкер боло тургандарга кайрылды (видео)

 

Бүгүнкү бийлик таза, адилет шайлоо өткөрүүнү көздөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Айтымында, коомчулукта талапкер боло тургандар бийлик өкүлдөрүнөн колдоо алганы боюнча кептер жүрүп жатат.

"Президенттин, генаралдын, төраганын батасын алыптыр" деген кептер жүрүп жатат. Бул сөздөрдүн баары жалган. Президент, генерал, төрага да эч кимге бата бербейт. Батаны эл берет. Элдин алдына баралы, эл берсин батаны. Ошондуктан мындай сөздөрдүн баары чындыкка коошпогон ушак-айың сөздөр",- деди ал.

Төрага ошондой эле бийлик алдыдагы шайлоону адилет өткөрүүнү көздөй турганын айтып, талапкерлерди кара пиардан алыс болууга чакырды.

"Бүгүнкү бийлик таза, адилет шайлоону көздөйт. Бул маселе боюнча урматтуу президентибиз (ред.: Садыр Жапаров), генералыбыз (ред.: Камчыбек Ташиев) менен талкууладык. Эч кандай бирөөгө сүрөө да, бут тосуу да болбойт.

Анан шайлоо деген бир айлык жарыш, адамгерчилик деген түбөлүктүү. Талапкерлер негизсиз бири-бирин ушак-айың кептер, каралоо жолдору менен шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүдөн алыс бололу",- деп айтты Тургунбек уулу.

Белгилей кетсек, бүгүн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуусу боюнча чечим кабыл алынды. Аталган сунушту 32 депутат демилгелеген.

Жыйында баяндама жасаган депутат Улан Примов депутаттарды таркатууга шайлоо боюнча жаңы мыйзам кабыл алынганын жана президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа болушу негиз болгонун билдирди. Ал эми парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрда өтөрү айтылды.







Төрага талапкерлерге кайрылды 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: