Казакстандын президенти БУУнун трибунасында дүйнөдөгү негизги багыттарга токтолду
Казакстандын президенти БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында №14 болуп Уругвай жана Словениядан кийин трибунага чыкты.
Казак башчысы Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө Украинанын жана Ооганстандын маселелерин, ошондой эле биологиялык коопсуздук боюнча эл аралык агенттик түзүү тууралуу сунушун көтөрдү.
“БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоо негизги маселе болуп турат. Азия, Африка жана Латын Америкасынын чоң мамлекеттери кеңеште туруктуу түрдө өкүл болушу керек. Казакстан сыяктуу орточо державалардын даражасын жогорулатуу зарылчылыгы бар. Учурда алар дүйнөлүк диалогдо тең салмакты сактай алышат. Алар уюмдун ичиндеги көпүрөгө айланат. Маселелерди чечүүнү ири державаларга берип коюу менен бүтпөйт. Андыктан биз бул процессти бүгүнтөн эле баштасак болот, Келишимдин уставына болгон бекем берилгендигибизди кайрадан тастыктайлы”,- деди казак мамлекет башчысы.
Казастандын мамлекет башчысы бир катар багыттарга токтолду. Алар:
- Ядролук державалар арасында жогорку деңгээлдеги диалогду жандандыруу зарылдыгын айтып, Казаксытта даярдыгын битан бул баглдирди. Ошондой эле Биологиялык коопсуздук боюнча эл аралык агенттик түзүүнү сунуштады.
- Украинадагы согуш жарандарга олуттуу зыян келтирүүдө, ишенимди жоготуп, коопсуздукту начарлатууда. Чыр-чатакты чечүү үчүн дипломатиялык аракеттер улантылышы керек.
- Палестинадагы гуманитардык кризис – чоң трагедия. Казакстан бардык жарандарды коргоону жана гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыздоону колдойт.
- Казахстан дайыма чыңалууну күчөтүүнүн ордуна дипломатияны, күчтү колдонуунун ордуна диалогду колдойт. АКШнын президентинин жардамы менен Армения жана Азербайжан ортосундагы пикир келишпестик жөнгө салынды.
- Казакстан жасалма интелектти өнүгүүнүн булагы катары карайт, бирок этика жана коопсуздук эске алынышы керек. Аны жөнгө салуу боюнча Глобалдык диалогго активдүү катышууга даяр. Максат – 3 жыл ичинде Казакстанды толук санарип өлкө кылуу. Азыр 90 пайыз мамлекеттик кызматтар электрондук түрдө жеткиликтүү.
- Казакстан Борбор Азиядагы экологиялык проблемаларга, өзгөчө Арал, Каспий деңиздеринин солушуна өзгөчө көңүл бурууда. 2024-жылдын апрелинде Астанада регионалдык экологиялык саммит өткөрүлдү. Казакстан 2026-жылды Туруктуу өнүгүү максаттары үчүн ыктыярчылар жылы деп жарыялоого жетишти. Казакстан 22-апрелди “Планетаны жашылдандыруу күнү” деп жарыялоо тууралуу резолюцияны сунуштайт.
- Казакстандын экономикасы туруктуу өсүүдө. Бул жылы 6 пайыз өсүш күтүлүүдө. 30 жыл ичинде өлкөгө 400 миллиард доллар инвестиция тартылган. Казакстан – Азия менен Европаны байланыштырган логистикалык хаб болууга умтулууда.
- 2029-жылга чейин 5000 чакырым жаңы темир жол курулат.
- Жашыл энергетика – маанилүү, бирок декарбонизация реалдуу жана техникалык негизде жүргүзүлүшү керек.
- Казакстан “Күчтүү президент – таасирдүү парламент - элге отчет берүүчү Өкмөт” формуласын карманууда. Президенттик мөөнөт 7 жыл менен чектелди. Саясий система, парламент түзүмү реформаланууда. Башкарууда мыйзамдуулук жана тартип башкы принцип.
Токаев өз сөзүн жыйынтыктап жатып Бириккен Улуттар Уюму - дүйнө үчүн үмүттүн, адилеттүүлүктүн жана кызматташуунун символу бойдон калышы керектигин билдирип, Казакстан көмөкчү өлкөлөрдүн бири болуп кала бере тургандыгын кошумчалады.
БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын трибунасында 97 өлкөнүн башчыларына сөз берилди.

