Манас шаарында Эмилбек Узакбаевдин 70 жылдык юбилейи белгиленди










Мамлекеттик жана коомдук ишмер, айыл чарбанын эмгек сиӊирген кызматкери, белгилүү саясий ишмер Эмилбек Узакбаевдин 70 жылдык мааракесине арналган “Аймактык башкаруу жана айыл чарба саясаты: өткөн жол жана көз караштар” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Эмилбек Узакбаев, белгилүү коомдук-саясий ишмерлер, Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Шаар башчысы Эмилбек Узакбаевдин өлкөнүн агрардык тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги, Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы зор экендигин белгилеп, элге жасаган кызматтары, жаштарга үлгү болгон эмгек жолу жана тажрыйбасы бүгүнкү күндө да баалуу экендигин кошумчалап, белектерди тапшырды.
Белгилей кетсек, Эмилбек Узакбаев Манас шаарына караган Димитровка айылында 1955-жылы туулган. Ал Кыргызстандын агрардык тармагында көп жыл үзүрлүү эмгектенип, айыл чарба министри, Нарын облусунун губернатору, Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси сыяктуу бир катар жооптуу кызматтарда иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:49
2025-09-28
22:50
2025-09-26
21:27
2025-09-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.