Ошто "Өспүрүм – Түн" аталышында рейддик иш-чара өткөрүлүп жатат





23-сентябрдан 27-сентябрга чейин Ош облусунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан "Өспүрүм – Түн" аталышында рейддик иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анда кызматкерлер үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте саат 22:00дөн кийин өз алдынча жүргөн балдарды аныктап, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде чара көрүшүүдө.
Башкы максаты – түнкүсүн жакындарынын коштоосу жок жалгыз жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо, балдарды кылмыштуулуктан жана укук бузуулардан арылтуу болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-09-29
15:38
2025-09-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.