super.kg logo
  Саясат  

"Айткандан кийин каршы чыгыш керек". Депутат Өмүрзаков Нарматованын дарегине сын айтты (видео

 

Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков кесиптеши Надира Нарматовага сын айтты.

"Кээ бир депутаттардын сөзүнө комментарий бербейм. Бирок айткандан кийин каршы чыгыш керек болчу. Демилгечи топко сөздү айтып алып, анан кийин колдойм дегени түшүнүксүз болуп жатат. Биз демилгечи топ бардыгын карап, анан сиздерге ушундай сунушту алып чыгып жатабыз", - деди ал.

Ошондой эле Өмүрзаков Нарматовадан сын уккан Улан Примовду колдоого алды.

"Улан Примов көп мыйзам долбоорун алып чыкты, мен колдойм. Бул демилгечи топтун да башында турду. Мына демилгечи топту бүгүн коомчулук абдан колдоп жатат", - деди эл өкүлү.

Мунун алдын Нарматова парламентти таркатууну демилгелеген кесиптештерин сынга алган. Ал баяндама жасаган Примовго да кайрылып, "сиз алып чыккан мыйзамдар жакшы деле эмес" деди. Бирок депутат айым сөзүнүн аягында демилгени колдоорун билдирди.

Өз кезегинде буга Примов жооп кылып, анын ишине бааны Нарматова эмес, шайлоочулары берерин айтты.

Жыйынтыгында депутаттар Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу боюнча чечимди кабыл алышты.






Депутат Өмүрзаков Нарматованын дарегине сын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: