УКМК текшерген окуу жайда кимдер кандай жаза алды?




Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ишмердүүлүгү текшерилгенин билдирди.
Атайын кызмат аталган ЖОЖдо студенттердин орто аралык аттестациясын өткөрүү боюнча жобо жана орто аралык аттестацияны өткөрүү боюнча тартип бузуулар аныкталганын белгиледи.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ЖОЖдун администрациясы тарабынан 8 мугалимге тартиптик жаза берилип, КУАУнун маалыматтык системалар жана дистанттык билим берүү институтунун директору кызматынан төмөндөтүлүп, 1 окутуучу ээлеген кызматынан бошотулуп, 4 жогорку билим тууралуу диплом жокко чыгарылган.
УКМК коррупциялык иштерге аралашкан жарандар статусуна жана социалдык абалына карабастан мыйзам боюча сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.


