Мамлекеттик "Учкун" басмаканасы эмнелерди өндүрүүдө? Өкмөт башчы ишканадан кабар алды













Бүгүн, 25-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Учкун” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анда Касымалиевге президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен “Учкун” мамлекеттик басмаканасынын башкы директору маалымат берип, жалпы ишмердүүлүк тууралуу презентация жасалган.
Ишканада өлкөнүн билим берүү мекемелерине арналган окуу китептери, ID-карталар жана жалпы жарандык паспорттор, айрым продукцияларга карата акциздик маркалар, транспорттук техникалык паспорттор жана айдоочулук күбөлүктөр өндүрүлүп жатканы белгиленген.
Ошондой эле басмакананын өндүрүштүк линиялары жаңыртылып, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалганы, натыйжада тиешелүү бардык стандарттарга жооп берген продукциянын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү айтылган.
Маселен, каржылык көрсөткүчтөр боюнча 2025-жылдын январь-сентябрь айлары ичинде “Учкун” ачык акционердик коому алдын ала эсептөөлөр боюнча 2 миллиард 461 миллион 846 миң 662 сом өлчөмүндө жалпы киреше тапкан. Бул пландалган көрсөткүчтөн 124 миллион 846 миң 662 сомго көп болгон.
“Учкун” ачык акционердик коому Кыргызстандагы полиграфия тармагындагы алдыңкы ишкана экенин айткан Адылбек Касымалиев чыгарылган продукциялардын өзгөчө сапатына жана ишкана менен түзүлгөн келишимдердин негизинде чыгарыла турган продукцияларды өз мөөнөтүндө даярдоо зарылдыгын билдирди.
