super.kg logo

Өкмөт башчы МИК куруп жаткан турак жай комплексин жеринен көрүп чыкты

 

Бүгүн, 25-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан “Ынтымак” турак жай комплексинен кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Касымалиевге президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди. Белгилүү болгондой, “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан бул “Ынтымак” турак жай комплексинде 18 жана 24 кабаттан турган 48 көп кабаттуу үй курулмакчы. Андагы 6970 батирдин жалпы аянты 603 миң 534 чарчы метр. Ал эми унаа токтотуучу жайлардын саны 3852 болсо, коммерциялык жайлардын аянты 32 миң 606 чарчы метрди түзөрү айтылды. Курулуш иштери төрт этап менен ишке ашмакчы.

Адылбек Касымалиев көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылып жатканын, калк жыш жайгашкан жайларда, ири шаарларда жана райондордо жүргүзүлүп жатканын билдирген. Ал ошондой эле мындай иштер үй алууга кезекке турган жарандардын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында жүргүзүлүп жатканын айтып, курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырган.

"Учурда мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында 925 даана көп кабаттуу үй курулууда, андагы батирлердин жалпы аянты 4 миллион чарчы метр", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: