Кыргызстанда "Росатомдун" литий-иондук батареяларын өндүрүү локалдаштырылат



Кыргызстанда "Росатомдун" литий-иондук батареяларын өндүрүү локалдаштырылат. Тиешелүү келишимге "Дүйнөлүк атом жумалыгынын" алкагында Кыргызстан өкмөтү менен кол коюлду.
Бүгүн, 25-сентябрда Москва шаарында өткөн "Дүйнөлүк атом жумалыгы" (World Atomic Week, WAW – 2025) эл аралык форумунда Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, "Росатомдун" Жылуулук дивизионы, "Энерджи Солюшнс Кыргызстан" ЖЧКсы ("Росатомдун" өлкөлүк кеңсеси) жана "Эльбрус курулуш компаниясы" ЖЧКсы литий-иондук аккумуляторлорду жана энергия сактоо системаларын өндүрүү тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.
Бул документке кол коюу өнөктөштөрдүн энергетика тармагындагы келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстандын аймагында жогорку технологиялык продукцияларды өндүрүүнү жолго коюу багытындагы биргелешкен ишинин башталышын шарттайт. Келишимдин алкагында Кыргызстандагы литий-иондук аккумуляторлордун жана энергия сактагыч системаларынын рыногуна талдоо жүргүзүлүп, алардын өндүрүшүн локалдаштыруу мүмкүнчүлүктөрү бааланат. Ошондой эле энергия сактагычтарды киргизүүгө ылайыктуу долбоорлор каралат.
"Биздин компания литий-иондук элементтерди жана энергия сактагычтарды чыгаруучу катары жаңы рынокторду өнүктүрүүгө жана эл аралык өнөктөштөрдүн тармагын кеңейтүүгө кызыкдар. Биз Кыргызстанда чоң потенциалды көрүп турабыз жана кызматташтыгыбыз региондун технологиялык өнүгүшүнө жана аны ишенимдүү, экологиялык жактан таза энергетикалык чечимдер менен камсыз кылууга өбөлгө болот деп ишенебиз", – деди "Росатомдун" Жылуулук дивизионынун "Энергияны сактоо системалары" бизнес-багытынын директору Анастасия Михайлова.
Кыргызстанда "Росатомдун" литий-иондук батареяларын өндүрүрүү локалдаштырылат
