Маданият министри өкмөт башчыдан алган унааларды мекемелерге бөлүштүрүп берди




Бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев министрликке караштуу билим берүү жана театр-оюн-зоок мекемелеринин жетекчилерине 39 кичи автобустун ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
"Жаңы унаалар маданий иш-чараларды, фестивалдарды жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган иштердин натыйжалуулугун арттыруу максатында пайдаланылат. Ошондой эле аймактардагы логистиканы жакшыртып, маданий жана жаштар демилгелерин ыкчам жүзөгө ашырууга, ошондой эле күтүлбөгөн кырдаалдарга өз учурунда жооп кайтарууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, июль айында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жалпы 72 унааны, анын ичинде 51 орундуу 5 чоң автобус, 37 орундуу 10 автобус, 15 орундуу 57 кичи автобусту Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине тапшырган.
Маданият министри өкмөт башчыдан алган унааларды мекемелерге бөлүштүрүп берди
