super.kg logo
  Саясат  

"Түшүнүксүз болуп калды". Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу маселесинде кандай талкуу болду?

 

Парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу боюнча чечим кабыл алынды. Аталган сунушту 32 депутат демилгелеген.

Жыйында баяндама жасаган эл өкүлү Улан Примов депутаттарды таркатууга шайлоо боюнча кабыл алынган жаңы мыйзам жана президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа келип калышы негиз болгонун билдирди.

Депутат Дастан Бекешев Примовго шайлоочуларынын суроосун узатып, анын пикирин сурады.

"Биз Жогорку Кеңеш кетсин дегенде кетпейм, калсын дегенде кетем дейт" дешти. Түшүнүксүз болуп калды", - деди ал.

Примов өзүнүн шайлоочуларынан мындай өтүнүч болбогонун белгилеп, парламентке кайрадан элдин элегинен өтүп келгендер зарыл экенин айтты. Ал ошондо парламентке элдин ишеними артат деген пикирде.

Эл өкүлү Надира Нарматова парламентти таркатууну демилгелеген кесиптештерин сынга алды. Ал баяндама жасаган Примовго да кайрылып, "сиз алып чыккан мыйзамдар жакшы деле эмес" деди. Бирок депутат айым сөзүнүн аягында демилгени колдоорун билдирди.

Примов Нарматованын сөзүнө теригип: "Сиз менин дарегиме бир топ сын айттыңыз. Мен сизди улуу депутат караты сыйлайм. Бирок мага бааны сиз бербейсиз, бааны менин шайлоочуларым берет", - деп жооп узатты.

Ал арада Примовду кесиптеши Сүйүнбек Өмүрзаков колдоого алып, Нарматованын дарегине сын айтты.

"Кээ бир депутаттардын сөзүнө комментарий бербейм. Бирок айткандан кийин каршы чыгыш керек болчу. Демилгечи топко сөздү айтып алып, анан кийин колдойм дегени түшүнүксүз болуп жатат. Улан Примов көп мыйзам долбоорун алып чыкты, мен колдойм. Бул демилгечи топтун да башында турду. Мына демилгечи топту бүгүн коомчулук абдан колдоп жатат", - деди ал.

Калган эл өкүлдөрү көтөрүлүп жаткан демилгени колдошорун билдиришип, негизинен маселе туура көтөрүлүп жатканын белгилешти. Жыйынтыгында VII чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуусу жөнүндөгү парламенттин токтомунун долбоору добушка коюлуп, бир добуштан колдоо тапты.

Добуш берүүдөн соң парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сөз сүйлөп, "VII чакырылыштын депутаттары кыргыз тарыхында тарых жараттык деп айтсам жаңылышпайм", - деди. Ал ошондой эле алдыдагы шайлоо 30-ноябрда өтүшү мүмкүндүгүн, азыркы чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктары жаңы парламент шайланып келгенче сактала турганын айтты.

Мындан тышкары спикер бүгүнкү бийлик таза, адилет шайлоо өткөрүүнү көздөөрүн белгилеп, парламенттик шайлоого талапкерлигин коё тургандарга кайрылуу кылды.

"Бүгүнкү бийлик таза, адилет шайлоону көздөйт. Бул маселе боюнча урматтуу президентибиз (ред.: Садыр Жапаров), генералыбыз (ред.: Камчыбек Ташиев) менен талкууладык. Эч кандай бирөөгө сүрөө да, бут тосуу да болбойт.

Анан шайлоо деген бир айлык жарыш, адамгерчилик деген түбөлүктүү. Талапкерлер негизсиз бири-бирин ушак-айың кептер, каралоо жолдору менен шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүдөн алыс бололу",- деп жыйынтыктады Тургунбек уулу.

Айта кетсек, парламенттин бул жыйыны 2 саат 30 мүнөткө созулду. Парламенттин өзүн-өзү таркатуу токтомунун долбоору акыркы маселе болуп каралды. Депутаттар буга чейинки 35 маселени дээрлик 2 сааттын ичинде талкуусуз карап бүтүрүштү. Орто эсеп менен алганда ар бирине 3 мүнөттөн ашыгыраак убакыт талап кылынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: